Коом

Учактагы кара кутуларды окууга мүмкүн болду image

24 Янв, 2017 2038

“Манас” аэропортунун жанында кыйраган “Boeing 747” учагынын кара кутусундагы маалымат окууга мүмкүн болду. Бул тууралуу Эл аралык авиациялык комитеттин расмий сайтында маалымдалган. Кабарды Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги тастыктап, учурда адистер учактын кыйрашы боюнча иликтөө иштерин улантып жатканын айтты. 

Алдын ала анализ авиациялык кырсык тууралуу маалыматтар бар экенин көрсөткөн. Авиакырсыктан жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан жаран каза болуп, окуяда көз жумгандардын саны 39га жетти.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-январь күнү таң эрте Гонкогдон Стамбулду көздөй келе жаткан Boeing-747 учагы "Манас" аэропортунан май куюу үчүн токтогонго аракет кылган учурда Дача айылына кулап, кырсыктан 39 кишинин өмүрү кыйылган. Жабыркаган 19 адам учурда борбордогу ооруканаларда дарыланып жатса, 23-январда дагы 5 мектеп окуучусу авиакеросинге ууланды деген шек менен ооруканага жеткирилгени кабарланууда.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз