Коом

Соцтармакка пикир жазууга чектөө салынып жатканы талкуу жаратты image

24 Янв, 2017 1332

Мамлекеттик кызматчыларга социалдык тармакка пикир жазып, оюун билдирүүгө чектөө салынып жатканы коомчулукта талкуу жаратты. Маселен өткөн аптада Cаламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине соцтармакта ээн-эркин пикир жазуудан кармануусун буйруган документке мекеменин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева кол койгон. 

Буга чейин да, былтыр Монополияны жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте да ушундай чектөөлөр киргизилген. Мындай чектөөнү колдоп, айрымдары мамлекеттик кызматкерлер сыр сактап, ашыкча ачык-айрым болбоосу керек десе, кээбир талдоочулар бул сөз эркиндигине болгон кысым деп баалоодо. 

Ал эми бул документ боюнча бир катар ММКларга Саламаттыкты сактоо  министри Талантбек Батыралиев түшүндүрмө берген. Ал бул чараларда авиакырсыкка гана тиешелүү деген жазуу кошулбай калгандыгын айтат. Учак кыйраган учурда ММКларга каза болгондор боюнча ар кандай сандар айтылып турду. Ал арада Таттыгүл Дооталиева да каза болгондорго карата терс пикирин жазды. Анан абалды жөнгө салуу үчүн менин кабарымсыз жогорудагыдай көрсөтмөнү иштеп чыгышыптыр деп билидирет Батыралиев. Ошондой эле ал журналисттерден эч качан качпай тургандыгын айткан.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз