Коргонуу жана коопсуздук

“Жоокерлер энелери” комитети күч түзүмдөрү тармагында сынак жарыялады image Фото: www

16 Фев, 2017 3131

Республикалык “Жоокерлер энелери” комитети өлкөдөгү күч түзүмдөрү тармагында сынак жарыялайт. Конкурстун максаты - быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында күч түзүмдөрүнө аскердик-мекенчилдик тарбия берүү, уставдык эмес мамилелерди жана укук бузууларды жоюу, жоокер тамак-ашынын сапатын жакшыртуу. Сынактын жыйынтыгы 31-августта чыгарылат. 

Республикалык  “Жоокерлер энелери” комитетинин мезгилге үндөш иш алып баргандыгынын натыйжасында акыркы жылдары жоокерлер турмушу кыйла жакшырып келатканын адистер белгилешет. Ошондой эле мекенди коргоону ыйык милдети катары туюп, аскерге өз ыктыяры менен чакырылгандардын катары өсүп жатканын кошумчалашат.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз