Коргонуу жана коопсуздук

“Le Monde”: Москва “Талибан“ уюму менен кызматташууда image Фото: www

20 Фев, 2017 3154

Айрым батыш басылмалары: расмий Москва Афганистандагы  абалды жөнгө салуу  үчүн  тыюу салынган “Талибан“ уюму менен  кызматташууда- деп жазып чыкты.

“Le Monde” аттуу Француз басылмасынын кабарчысы Изабель Мандро жана Жульен Буиссу,  Россия Афганистанда тыюу салынган "Талибан" кыймылы менен жакындашууда” -аттуу макаласын жарыялады. Макалада  Россияда Афганистандан  28  жыл мурун, 15-февралда СССР  аскерлерин чыгарган күнүн белгилеп жаткан учурда, Москвада бул өлкөдө тынчтыкты орнотуу  максатында алты мамлекеттин өкүлдөрү катышкан тымызын жыйын өткөндүгү айтылат.  Анан да бул жыйынга Россия менен Афганистан, Пакистан Индия, Иран жана Кытайдан   өкүлдөр  келген. Бирок бул жолугушууга АКШ катышпаганы айтылат.

 Алардын көз карашында бүгүнкү  күнгө чейин  Москва,  афган армиясын  курал менен камсыз кылат. Ошол эле убакта Кремль НАТОго Афганистандын түндүк  чек арасы аркылуу  көмөк көрсөтүп жаткан учуру. Россиянын мүдөөсү Афганистанда таасирин кеңейтүү.  Тыюу салынган “Талибан “кыймылына таянып, АКШга каршы күрөш жүргүүзүүдө. Буга далил 9- февралда АКШнын Сенатында Афганистандагы Америка жана НАТО  күчтөрүнүн аскер башчысы генерал Жон Николсон: “ Мени айрым мамлекеттердин Афганистанда таасирин кеңейткенге умтулганы кооптондурат. Мисалы Пакистан, Иран жана Россия.  Анан калса бул мамлекеттер тыюу салынган “Талибан “уюмуна жардам берүүдө –деп айыптаган пикирин кесиптештерибиз макаласында баса белгилейт. Москванын актанганы  Афганистанда абал кескин өзгөрүп жатканын  жана  “Ислам мамлекети”- деп аталган террордук топко каршы күрөшүү үчүн   талиптерге жардам бергенге  байланыштырат   макаланын авторлору.Анын үстүнө Владимир Путиндин Афганистан боюнча өкүлү Замир Кабулов   ушул маселе туралуу  россиялык “Интерфакс” маалымат агенттигине   маек  курган. Ал    маегинде “тыюу салынган “Талибан “ кыймылы жана Россиянын   кызыкчылыгы окшош - деп жар салганына   таң калды   эки француз кесиптешибиз.  Алардын пикиринде Москва Афганистандан ДАИШ Орто Азиядагы  өлкөлөргө кол салуу коркунучунан  кооптонгон  учуру. 

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз.Батилов.Тааныштырган Сүймөнкул.Идирисов.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз