ММК

"Фабула": "Чымындан пил жасаган уста же Текебаев тууралуу" image Фото: www

21 Фев, 2017 1487

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн "Фабуладан" "Жоктун арты жок болот. Адам баласына бардык нерсени колуна карматса да жок нерсени таап чыгат" деген экс-депутат Мээрбек Мискебаевдин саясаттан тышкары курган маегин, "Эл арасында ырчы Улукмырза Полотовду “Кыргыздын Кобзону” деп коюшат. Туура коюлган ат деген же таланттуу адамга арналган "Улуу уста" деген көлөмдүү макаланы, "Оппозициядагы саясатчылардын көпчүлүгүнүн жеке амбициясы башынан ашкан принциптери бири-бирине шайкеш келбеген  адамдар деп оппозиция көтөргөн маселелер суу кечпейт, бийликке, өкмөткө койгон дооматтары орунсуз" деп келген  саясий серепчи Алга Кылычевдин  саясаттан курган кебин окуй аласыздар. 

 

Башкы барагына мусаапыр деп "Мадумаров Кремлге кире албай жүрөбү"? деген теманы койгон. Саясаттагы адамдардын жүрүшүнөн куралган майда маалыматтар "Чымындан пил жасаган уста же Текебаев тууралуу", "Сариевдин абалы чатак", "Туйгунаалы соодалашкысы келет", "Мадумаров Москвада", Шыкмаматовго кылмыш иши козголду", "Калыкбек Султанов КСДПдан президенттикке талапкерби"? "Бабановго тымызын суу куюп жатабы", "Абдылда Суранчиевдин 153 миң айлыгы, мугалимдердин кайгысы", Сазбаков сынды ченеп айткыла дейт деген аталышта орун алган. Гезиттин күн собол рубрикасы бул жолу “Ата Мекенчи” депутаттарга карата кылмыш ишинин козголушун саясий куугунтук деп атоого болобу? деп берилип, ага генерал Ашырбек Бакаев: Менимче кимге кылмыш иши козголсо, аны кылмышкер деп атоо эрте, саясий куугунтук деген бул жерде барбы же жокпу, аны ар ким өзүнүн деңгээлине, көз карашына  жараша баа бериши мүмкүн. Ал ар кимдин өз оюу, ойлоого тыюу жок десе, укук коргоочу Динара Ошурахунова: Мен муну саясий куугунтук деп эсептейм. Саясий куугунтук болбосо, анда бардык бийлик менен оппозициянын алмашкан маалыматтарда айтылган фамилияларын, үй бүлөсүн, ушинтип текшерип чыгышы керек, мисалы ошол эле Бишкектин мэри ызы-чуу болуп чыккандан кийин эмнеге ушундай комиссия түзүлүп бардык туугандарын текшерип чыккан жок десе, Ош шаарынын тургуну Абдишарип Бекилов бизде кайсы бир бүдөмүк ой жаратып, шек пайда болсо, аны тиешелүү органдар аныктап коюу аракети башталса эле “Саясий куугунтук” деп баштайбыз. Карапайым жөнөкөй адамдардын укугу жөнүндө кеп да болбойт. Элге, журтка башы көрүнгөн адамдар өздөрүнүн проблемаларын элди аралаштырбай чечип алса жакшы болмок, сот аркылуу чечишсе, бул жагынан элге үлгү болушмак десе, саясатчы Жеңиш Молдокматов бийлик менен кармашып келе жаткан парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары болгондуктан, аларга карата козголгон кылмыш иштер коомчулукта  албетте саясий куугунтук катары кабылданууда. Калыстык үчүн айтсак, парламентте отурган 120 депутаттын көбүнө кылмыш иштерин ачса болот  деген сөздөр эл ичинде көп айтылат. Эл айтса жөн айтпайт, анын сыңарындай бардыгы мыйзам чегинде болушу шарт. Ал эми мамлекеттин ар бир жараны мыйзам алдында бирдей, анын чоң кичинесине, бийликчил же бийликчил эместигине карабай деген пикири менен бөлүшкөн. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз