ММК

"Фабула": казак туугандар экономикалык колдоо көрсөтөбүз деп Кыргызстанга бут тосууда image Фото: www

24 Фев, 2017 1210

Басма сөзгө баяндама

Ачуу чындык эртели-кеч айтылмак  же "Катуу бассаң таскак, акырын бассаң аксак" деген теманы койгон "Фабуладан" баштайлы. Бул макалада президент Алмазбек Атамбаевдин Европага болгон сапарында “Евроньюс” телеканалына берген интервьюсу Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы алакага таасирин тийгизип, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери ортосунда болгон нотадан кийин өлкөнүн ичинде дагы кызуу талкууланып бийликке сын көз караштагы оппозициялык саясий күчтөрдүн  президентти сындоосуна шарт түздү деп жазылат. А чындыгында коңшулардын чычалай турган жөнү жок. Казакстан 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин чек араларды  жапканда учурда айтылып жаткан дипломатиянын  тили менен чек араны ачуу боюнча кыргыз бийлигинин жүргүзгөн аракеттерин кабыл албай, мамлекет кыйын кырдаалды баштан кечиргенин, качан Кыргызстан Киров суу сактагычын жаап, суу бербей койгондо араң сөзгө келишкенин эч ким тана албайт деп, андыктан айрым учурда сылап сыйпаган дипломатиянын алкагында жасалган мамиледен майнап чыкпаган учурлар тарыхта арбын экенин, тең ата мамиле  болбогон жерде кимдир- бирөөнүн үстөмдүгү жүрөт деген ойду камтыды, бул макала. Темага үндөш пикирди коомдук ишмер Чолпон Осмонова бүгүнкү санга курган маегинде белгиледи. “Менин жеке пикирим боюнча деп айтылат анда, ажобуз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып чындыкты айтты, эгер казактардын көзү түз болсо, бизге тоскоолдук кылбайт эле. 

Чын-чынына келгенде биздин канча бизнесмендерибиздин өзгөчө түштүктүн  даамдуу ширелүү жер-жемиштерин Россияга сатып пайда көрөбүз дегендерди  жөн өткөрбөй канчасын казак баурларыбыз  кармап чиритти. Орто жолдо үй- бүлөсүн багам деген адамдар миллиондорго күйдү.  Ошондой эле алар Бажы союзуна мүчө болуп, салыктан бошотуларыбызды дагы эске алышкан жок.  Көпкөндүн да чеги болот деп белгилейт. Жашоо бумеранг, бүгүн эле эдиреңдей бербей, эртеңки күндү жана биздей тууган кошуна керек экенин ойлонушса болмок” дегенин “Европалыктар президенттин ишмердүүлүгүн байкап, анын артыкчылыктарын анализдеп, анан жогорку баага татыган комплимент айтышты”деген аталыштан окуй аласыздар. Ушундай эле  пикири менен журналист Азимжан Ибраимов “Казак туугандар экономикалык колдоо көрсөтөбүз деп Кыргызстанга бут гана тосуп келе жатат” деген аталыштагы маегинде бөлүштү. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз