ММК

"Фабула": Чотонов Текебаевдин кылмыштуу иштерин ачыкка чыгарабы? image Фото: www

28 Фев, 2017 1673

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн "Фабула" "Мыйзам баарына бирдей же акыры чындык жеңет, чагымга алдырбайлы" деген теманы койду. Ушул эле алдыңкы бетте “Ата Мекендин” мурдагы мүчөсү Дүйшөн Чотонов Текебаевдин кылмыштуу иштерин ачыкка чыгарабы? деп буга Мегакомдун айланасындагы чыккан кылмыш ишине байланыштуу 1миллион доллар акчанын кесепетинен улам 3-4 жылдан бери Өмүрбек Текебаев менен жүздөшпөй, таарынышып жүргөн  “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 2011-жылдан 2016-жылдын аянварь айына чейин КРнын Түштүк Кореядагы ыйгарымдуу жана толук укуктуу элчиси болуп иштеп келген Дүйшөнкул Чотонов да камакка алынды. Чотоновго коррупцияга жана шылуундукка шектелип, ага карата кылмыш иши козголгон. Чотонов 26-февраль күнү Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча суракка алынып, ошол эле күнү УКМКнын тергөө абагына камалды деген маалымат жазылды.

Алдынкы бетте жарыя кылынган дагы бир “Манасты” сактап калган Самаковго карата прокурорлордун жасаган мамилесине кыргыз эли түгүл, жапондор да кабатыр деген маалыматы  гезиттин төртүнчү бетинде уланат. Гезиттин күн собол рубрикасы депутат Өмүрбек Текебаевдин камалашы өлкөдөгү саясий абалды курчутушу мүмкүнбү деп берилди. Бул суроого жооп кылгандар: коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев “Маевскийдин үстүнөн кылмыш иши ачылышы керек. Ал ачыктан ачык 1 млн доллар пара бергем деп сайрап жатат. Кылмыш Кодексинин атайын беренеси бар. “Пара берүү деген”, ошону эмне үчүн колдонбой жатышат? Кылмыш ишин ачып, анан Кыргызстандан чыгып кетүүгө тыюу салынат деп коюп, андан ары аны териштире бериш керек, себеби Текебаевге каршы иш жалгыз ушу Маевскийдин арызы менен козголуп жатат, ал Россияга кетип тергөө иштерине келбей койсо эмне кылабыз, анын үстүнө ал параны түз Текебаевге эмес, ортомчу кишилер аркылуу бергенбиз, муну далилдеш кыйын деп, андан ары бул окуялар саясий абалды чыңалтарын, Бакиевдин өзүлөрү менен алардын талапкерлери да алаканын ушалап, булар бири-бири менен тытышса сонун болот эле деп отурушат болуш керек деп, мындай жагдайда Текебаевдин жактоочулары эмес, саясий реваншисттер эң опурталдуу. Бул жагдайды курчутуш үчүн алар эч нерседен аянбайт деген пикирин жарыялады. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз