ММК

"Фабула": Уран Ахметов кыргыз тилинин душманыбы? image Фото: www

14 Март, 2017 1825

Басма сөзгө баяндама

“Журналисттердин эң башкы милдети жана укугу-адамдарга чындыкты жеткирүү деп белгилеген өлкө башчысынын сөзү бүгүнкү "Кыргыз Туусунун" башкы темасы болду. КРнын президенти Алмазбек Атамбаевдин массалык маалымат өкүлдөрүнө карата  кайрылуусун толугу менен жаңы сан тааныштырат. Президенттин иш күндөлүгүндөгү башка темалар ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алган күндөн алынган Реформалар жарандардын талаптарына жооп берүүгө тийиш деген аталышта, “Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековду  кабыл алган маалыматты жазган. Бул фонддун иши баа жеткис жана  өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алган маалымат "Көңүл борборунда адам жана анын жан-дөйнөсү болсун" деген аталышта орун алды. 

 

Кыска жана маанилүү делген жаңылыктарды топтогон “КТ”- пресс бурчу Ноорузда эл аралык сүмөлөк фестивалы өтөөрүн, Лейлек районунда банкоматтардын жетишсиздиги алыскы айылдарда иштеген мугалимдер, медицина жана маданият кызматкерлери үчүн ашыкча түйшүктөрдү жаратып жатканын, Балыкчы шаарында 10-мартта гемодиализ борборунун салтанаттуу ачылыш болгонун, кыргыз фольклору жана классикалык музыка концерти Нью-Йорк шаарындагы белгилүү Кауфман музыка борборунун Меркин залында өтөөрүн, “Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фонду Дача Су айылындагы учак кырсыгынан жабыркаган үй бүлөлөргө чогулган каражатын таратып бергенин жазды. 

Бүгүн "Фабула" Уран Ахметов кыргыз тилинин душманыбы? деген теманы койду. Кыска жазылган макалалар "Акча чыккан жердин обончусубу? же Кулов, Салянова кайрадан суракка чакырылды", Адахандын кайсы бир сөзүнө ишенебиз? Сариев куулана баштады, Арпачиев дагы деле аксынып жатат, Кудайбердиева кудайдан жөө качкан немеби?  Турсунбеков теңсиздиктин символубу? Султанбекова жек көрүндүгө айландыбы? Жогорку Кеңешти уятка калтырган Кутушев, Мыктыбек Абдылдаев  мырза неге үн катпайт, Бакиев Минск шаарына хан сарай салды, Байтемир Ибраевдин ишин дагы казып көрүш керек, Жээнбеков желпинип баштады, Үчилтик үч жакты карап же Мадумаров Келдибеков Ташиев жөнүндө деген аталышта тизилди. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз