ММК

"Фабула": Жапаровдун төңкөрүш жасоону пландаган видеосу чыкты image Фото: www

17 Март, 2017 4084

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн "Кыргыз Туусу" мамлекет башчысынын сөзүнүн текстин толугу менен басты. Элчилердин алдында сүйлөгөн сөзүн "Эркиндик- бул баарынан мурда жоопкерчилик" деген аталышта тааныштырды. Быйыл 3 миллиард сом ипотекалык насыя берилет деген өкмөттүн жаңылыгы менен да бөлүшүңүздөр. Актуалдуу маек “Мамлекеттик ипотекалык компания”ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевден алынды.

Бүгүнкү "Фабуладан" Садыр Жапаровдун төңкөрүш жасоону пландаган видеосу чыкты дегенди, баскынчылык деп “Дыйкан” муниципалдык базарынын директору Анарбек Сейитказимовдун “Ленин районунун акими Нурдин Тынаев баскынчылык кылып, элди атайын провокацияга түртүп жатат” деп курган маегин, ИИМдин орун басары Курсан Асановдун “Реформа,заманга жана анын талабына жараша өзгөрүп турган узак процесс” деген аталыштагы интервьюсун, Таластын Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айлындагы эл эмнеге нааразы болуп жатканын, Нариман Тулеевдин жана анын туугандарынын мүлкүн конфискациялоого кимдер кызыкдар деген  суроого алынган жоопторду, мамлекеттик тилдин идеологиясы туурасында жазылган көлөмдүү макаланы  анан  кантип байыш керек дегенге же бай болуу да өзүнчө бир илим деген психилогдордун айткандары менен жазылган пайдалуу кеңешти окуй аласыздар. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз