Коргонуу жана коопсуздук

Терроризмге каршы аракеттерди серепчилер иликтешет image Фото: www

23 Март, 2017 3421

Дүйнөдө баңгизаттардын мыйзамсыз соодасы, курал же адам сатуу өндүү кылмыштардан табылган кирешелердин көлөмү жылына жүздөгөн миллиард АКШ долларын түзөт. 

Ошондой эле паракорчулук, мамлекеттик казынага кол салуу, коррупция сыяктуу кылмыштардын түрдүү кылмышкерлердин капчыгына кошумча каражат алып келүүдө. Акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча Eвразиялык топтун эксперттери 27- марттан 2- апрелге чейин Кыргызстанда болушуп, бул системага баало жүргүзөт. 

Финансылык чалгындоо кызматынын адистери бул багытта Кыргызстандын мыйзамынын 70 пайызы эл аралык стандарттарга шайкеш келбесин эскертип 2012- жылдан бери мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталып, бирок натыйжа чыга элек экен айтышты. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз