ММК

Кыргыз жоодон эмес, жолдон кырылабы? image Фото: www

24 Март, 2017 1287

Басма сөзгө баяндама

КРнын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын жылдыгына байланыштуу кайрылуусу бүгүн жарык көргөн "Кыргыз-Туусунда" басылды. Толук тексти менен элдик революциянын жеңишин коргоп калуу өтө маанилүү деген аталышта тааныша аласыз. Президенттин иш күндөлүгүндөгү андан аркы жаңылыктар, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевди кабыл алган учур, "Интеграция мигранттарга да пайдалуу" деген аталышта, өлкөнүн тышкы саясий приоритеттерин андан ары өнүктүрүү боюнча ишмердиктин багыттары тууралуу  тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өлкө башчысына берген маалыматы төрагалыктан пайдалануу зарыл деген аталышта орун алды.  

“КТ”-пресс бурчу Американын Чикагосунда дарыгерлер төрт буту, эки омурткасы менен жарыкка келген ымыркай кызга 6 саатка созулган операция жасашкандыгын жазган Фокс телеканалдын кабарын, Шанхайда сатуучу жок дүкөн ачылганын, Кыргыз жоодон эмес, жолдон кырылабы же өткөн жылы эле жол кырсыгынан миңден ашуун адам каза болгон статистиканы, мамлекеттик кепилдик программасына ылайык кургак учук менен ооругандар медициналык көрсөткүчтөр боюнча калктын жеңилдик берилген катмарына киришээрин аларга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдар акысыз экендигин жазды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз