ММК

"Кыргыз-Туусу": "Кыргыз интеллигенциясы неге унчукпайт"? image Фото: www

14 Апр, 2017 1041

Басма сөзгө баяндама

Расмий гезиттен баштайлы. Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу болоорун алдыңкы бетте жар салып "Кыргыз Туусу" жаңы санын чыгарды. Президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтар да ушул багытта айтылат. Тактап айтканда кечээ президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алганы туурасында маалымат бар. Мындан тышкары Улуттук Банктын жетекчиси менен каржы министрин кабыл алган маалыматтар орун алган. 

“Кыргыз Туусу”-пресс бурчу "Кыздары кыйын кыргыздын" деп Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы илимий жана гуманитардык кызматташтыгынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн  Россиянын президенти Владимир Путин  мекендештерибизге тарых илимдеринин доктору, профессор Шайыргүл Батырбаева менен Улуттук китепкананын башчысы, Евразиянын китепканалар ассамблеясынын вице президенти  Жылдыз Бакашовага Пушкин атындагы сыйлыкты ыйгарганын кабарлады. 

Позитивдүү маалыматтардын арасында жаңы конуштардын тургундарына газ киргизилип жатканы да айтылат. Кароол чоку рубрикасы бул жолу Кыргызстандагы 25 жылдан бери кыргыз интелегенциясынын чыныгы статусу, коомдо алган орду, жарандык позициясы туурасындагы темага кайрылды. Адегенде коомдо айтылып жүргөн “кыргыз интеллигенциясы неге унчукпайт” деген суроого жооп бериш үчүн  интелегенттердин  экономикалык абалына токтолуп көрөлүчү деп баштайт макаланын автору. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз