ММК

Биримдиктин пайдасы билине баштады image Фото: www

18 Апр, 2017 1001

Басма сөзгө баяндама

"Кыргыз Туусу"  "Биримдиктин пайдасы билине баштады" деген теманы негизги кылды. Бул баш макаладан өткөн аптада Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кеңири форматтагы жолугушуу, биримдикте кирген өлкөлөрдүн потенциалы, анда мамлекет башчыларынын айткандарын, интеграциянын алкагында жүрүп жаткан иштер туурасында, Евразиялык биримдикке мүчө болуп киргенине 1,5 жыл ашкан Кыргызстандын быйыл уюмга төрагалык кылып, альянсты бекемдөөгө жасаган иш аракеттери жөнүндө, анда келтирилген өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин: Мындан ары жалпы эмгек рыногун дагы жакшыртыбыз зарыл деген өзөктүү маселеден айткандарын, орус президенти Владимир Путиндин: 2016-жылы Кыргызстандын тигүү  өнөр жайы продукцияларынын биримдиктин аймагына чыгуусу 38 пайызга өстү деп белгилегенин, Казак лидери Нурсултан Назарбаевдин: Быйыл Кыргызстан менен соода жүгүртүүбүз 41 пайызга жогорулады дегендери менен кенен таанышып аласыз. 

Бул сандан ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаевдин “Саясий упай топтоо үчүн маска кийип чамына берүү-баатырдык эмес” деген аталышта курган кенен маегине, тилдин тагдырына күйгөн курулушчу же Бейшенбек Иманалиевдин макаласына ыраазычылык” деген  жазуучу Ысмайыл Кадыровдун макаласына ортоктош болосуз. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз