ММК

Бабанов Карамушкинанын үйүн тартып алганы жатабы? image Фото: www

21 Апр, 2017 1525

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" “Сиздики дорога, меники дорого”- деп жол министри Жамшитбек Калиловду айттырып ага жооп кылган  Жантөрө Сатыбалдиевдин: “экөөбүздүн жолдун айырмасы эмнеде”- деп сүйлөштүргөн сүрөтүн коюп жаңы санын чыгарды. Мындай тема Жантөрөнүн алкымы чоңбу же Жамшиттикиби? деген чакан макалада уланат. Салынып жаткан жолдордун баасынын кымбаттыгы туурасында маселеге тактап айтканда транспорт жана жол министри  Жамшитбек Калиловдун кечээ күнкү маалымат жыйынынан кийин гезит Бишкек Кара-Балта жолу боюнча  маселени козгогон да ага бир км жол бир жарым миллион долларга жакын акчадан салынмай болуптур, Убагында Жантөрө Сатыбалдиев Ош-Бишкек жолун курганда 450 км жолду километрин 428 миң доллардан курдурган экен. 

Жантөрө азамат экен да анда. Азыркы курулуп жаткан жол менен салыштырсак, айырмасы 3 эсе болуп кетип жатпайбы, кашайгырдыкы, мына ушул жерден көрүнүп турат кимдин алкымы кандай экени дегенди жазат бул макалага. Чакан маалыматтар менен толтурган алдыңкы беттен Бабанов Карамушкинанын үйүн тартып алганы жатабы? Акылбек Жапаровдун жалаасы, Салыкчыларды сарсанаа кылган Кожошев, Марат Кенжесариевдин иши сотко өтөт, Никитенко 1,5 млн еврону эмне кылган? “Ата Мекен” Иманкожоеванын бугун чыгарып деген аталышта  окуй аласыз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз