ММК

"Кыргыз Туусу": ыйлаган баланы арак менен соороткон россиялык эне image Фото: www

25 Апр, 2017 1528

Басма сөзгө баяндама

Президенттин иш күндөлүгүн тема кылган "Кыргыз Туусунан" баштайлы. Алгачкы бетинде коюлган Жолдордун реконструкциясы талаптагыдай болсун деп өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоо иштери менен таанышкан учурда айткан сөзү бул маалыматтын аталышы болду. Андан аркы маалыматтар Өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алган күн өзгөчө кырдаалдар өзгөчө мамиле талап кылат, Арстанбап айылында жер көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып материалдык жардам берүү боюнча тапшырылган учур жабыркагандар жардамсыз калышпасын, Ч. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө кол коюлган жарлык же улуу жазуучунун мааракесине эртелеп камынып,  башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган учур иш комплекстүү жүрүүдө деген аталышта орун алды. 

“КТ”-пресс бурчу таза сууга 25 млн доллар жумшалаарын, ыйлаган баланы арак менен соороткон россиялык эне тууралуу, чек арачылар үйлүү болушат деген позитивди, Ингушетияда бүтүрүү кечелери болбостугун, Элина Таласбаева республикалык олимпиадада орус тили жана адабияты боюнча жеңүүчү болгонун,  24-28-апрелге чейин Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштерине байланыштуу эртең мененки 9 дан 15 ке чейинки убакытта маал- маалы менен жабылып тураарын кабарлады. Буга кошуп премьердин иш сапарындагы маалыматты Бүргөндүдө ири сугат түйүнү ишке киргизилди деген аталышта окуп коюңуз. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз