ММК

К.Осмонов: Текебаев жана башка саясатчылар сүттөн ак эмес image Фото: www

2 Май, 2017 1393

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" "Кеп чынынан бузулбайт деп, экс-депутат Курманбек Осмоновдун берген маегиндеги –Текебаев жана башка саясатчылар сүттөн ак эмес" дегенин тема кылып, жарык көрдү. Ушундай аталышта жарык көргөн бул маекте экс -депутат Курманбек Осмонов коомчулукта талаш жараткан айрым маселелер боюнча ойлорун ортого салган. Мисалы, президенттикке талапкерлерди шайлоо боюнча айткандарына күбө болуңуз. “ Мен акчалууларга же акчасыздарга деп тигилерге же буларга приоритет кылбаймын. 

Эң негизгиси президент болом деген адам мекенчил, патриот, иштин көзүн билген, башкаруу чөйрөсүндө маселелерди түшүнө билген, аны чечүүнүн жолун да өздөштүргөн, тажрыйбалуу, дээринде бар адам болушун каалайт элем.  Акчалуу экени ушуну шайлап коелу дегенди, же болбосо акчасы болбогону менен акылдууларды шайлайлы дегенден алысмын. Башкача айтканда президентти тандоо критерийлерин акчага байланыштырбашыбыз керек. Акча деген бүгүн бар, эртең жок нерсе деп белгилеген. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз