Экология

Өлкөнүн бир катар аймактарындагы дарыяларда суу нугунан аша баштады image Фото: www

15 Май, 2017 1432

Май айынан баштап республиканын бир катар аймактарындагы дарыяларда суу нугунан аша баштады. Адистердин баамында, буга тоолордогу кардын эриши жана соңку күндөрү жаан-чачындын ашыкча жаашы себеп болуп жатат.  Мындай  абал өзгөчө  Ош-Жалал-Абад жана Чүй облустарында  катталып, ал турсун   Жалал-Абад  облусуна караштуу Аксы районундагы Авлетим дарыясында жээктен   ашып кеткен суунун кооптуулугунан Өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ал аңгыча синоптиктер 16-майдан 19-майга чейин жалпы республика боюнча  нөшөрлүү жаанды, тоолорго кар жаай тургандыгын кабарлашууда. 

Мындай абал алдын алуу жумуштары өз мезгилинде жүргүзүлбөсө бир катар материалдык чыгымдарды жаратышы мүмкүн дешет алар. Бирок, май айынын акыркы он күндүгү жана  июнь айы  божомолдорго  караганда,  ысык болуп, жаан-чачын нормадан  ашпай турган болушу күтүлүүдө. Ал эми коңшу мамлекеттерде  бул ай суук болуп, Россияда  борошологон кардан улам  жол кырсыктары көп  болуп,  катуу  сууктан   жылуулук берүү тармактары  ишин үзгүлтүксүз  улантуууга   мажбур болушту. Казакстандын 7 облусуну болсо өткөн айдын соңунда суу каптап, 100ден ашык  адам кооптуу айылдардан көчүрүлүп чыгарылган.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз