Маданият

Май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргызстанда энелердин күнү image Фото: www

19 Май, 2017 3918

Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы кол койгон. Бул жолу майрам 21- майга туш келди. Өлкөдө энелердин саламаттыгын чыңдоого арналган "Перенаталык” жана “Эненин репродуктивдүү саламаттыгы” деп аталган Улуттук программалар бар. Бирок адистер энелерди камкордукка алуу комплекстүү турдө ишке ашышы керек деп эсептешет. Ал үчүн коомдо үй- бүлөнүн баалуулуктарын сактап, өнүктүрүү  башкы милдет  экенин талашсыз. 

Эске сала кетсек Кыргызстанда 2012- жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде  Энелер күнү  белгиленет. Ал эми жер жүзүндө энелер майрамын белгилөөнүн тарыхы 2 кылымдан ашык убакытты карытат. Бул майрам ар бир өлкөдө ар кандай мезгилде белгиленет. Мисалы, Россияда 1998-жылдан бери ноябрь айынын акыркы жекшембисинде, ал эми коңшу Казакстанда 2012- жылдын тарта сентябрь айынын  3-жекшембисинде майрамдалат. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз