Ден соолук

Чоң кишилер арасында суу чечек күчөдү image Фото: www

22 Май, 2017 4601

Акыркы төрт ай ичинде бул илдет менен ооруканага 476 адам  кайрылса, анын ичинен 162  чоң адамга ушул диагноз коюулган.  Көпчүлүк учурда чоң адамдар бул ооруну кичинекей балдардын оорусу катары кабылдашып маани беришпейт. Бирок суу чечек илдетин кичинекей балдарга карганда чоң адамдар  өтө оор өтөт.  Ошондуктан алар сөзсүз түрдө дарыгердин кеңешин алып дарылануусу зарыл дешет адистер. 

Суу чечек оорусу менен  балдардын 80 пайызы мектеп жашына чейин  ооруп иммунитетин бышыктап алат. Ал эми акыркы жылдары бул оору менен жабыркагандар көбү улуулар болуп жатат дешет ак халатчандар. Алардын маалыматты боюнча суу чечек менен ооругандардын жашы 14 жаштан жогору болуп жатат.  Акыркы төрт ай ичинде бул илдет менен ооруканага 476 адам  кайрылса, анын ичинен 162 чоң адамга ушул диагноз коюулган деп маалымдады Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гулжигит Алиев.

Айрым бейтаптар суу чечек оорусу менен ооруп бүткөм деп сактанбай коюушу мүмкүн. Бирок бул илдет менен экинчи жолу оорубайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Иммунитети төмөн адам кайрадан ооруп калышы мүмкүн. Андыктан улуу адамдар өзүндө суу чечек оорусунун белгилерин байкаса дароо дарыгерлерге кайрылышы керек.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз