Маданият

Канн фестивалына кыргыз тасмалары катышууда image

26 Май, 2017 2347

Канн фестивалына кыргыз режиссерлорунун 5 тасмасы катышууда. Алар Руслан Акундун "Апамды издеп", Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай", Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия", Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулуунун "Ата керээзи" жана Нурлан Абдыкадыровдун "Кыргыз-казак бир тууган" тасмалары. 

Борбор Азиялык кинематографисттердин бул фестивалга катышуусу алардын деңгээлин дүйнө коомчулугуна таанытууга өбөлгө түзүп, кыргыз киносун эл аралык рынокко чыгарууга ар тараптуу аянтча боло алат. 

Эскерте кетсек, ушул фестивалда кызыл килемге Голливуд актрисасы Николь Кидман кыргыздын оюуларына абдан окшош оймо-чийме түшүрүлгөн көйнөк кийип чыкты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз