ММК

"Азия Ньюс": эмне үчүн карапайым калк Жээнбековду колдойт? image

15 Июнь, 2017 2288

Басма сөзгө баяндама

Биз баяндай жүрчү гезиттерден бир гана "Азия Ньюс" бар. Гезит эмнелерди жазды?  Баш багалы. Президенттик шайлоого старт берилди. 14-июнь күнү Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун 15-октябрда өткөзүү тууралуу токтомун кабыл алганын, БШКнын 15-июндан тарта жеке адамдар же саясий партиялар өз талапкерлерин мыйзамга ылайык сунуштай алышат деген алакандай маалыматы менен бүгүн жаңы санын тартуулады. Алгачкы бетиндеги бакыйган тема "Райым Матраимовго белгилүү инсандар кандай баа беришти?" деген суроо менен аталды. Сереп рубрикасы КСДП партиясынан шайлоого аттана тургандар бар экенин, боолголоп жатканы менен ачык бөлүштү. 

Андан ары Акимдер жогору жактан бекитилбей, алар да шайланууга тийиш деп, Ош облусунда көчмө жыйында   билдирген “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун айткандарын кабарлады.  Ушул эле жерде "Эмне үчүн карапайым калк Сооронбай Жээнбековду колдойт?" деген макала орун алган. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз