Коргонуу жана коопсуздук

ЕАЭБ: терроризмге каршы күрөшүүнүн жолдору талкууга алынды image Фото: www

21 Июнь, 2017 8740

Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин эксперттери форумга чогулуп, терроризмге каршы биргеликте күрөшүүнүн жолдорун талкууга алышты. Учурдун глобалдуу деп эсептелген көйгөйү терроризм менен экстремизм маселеси ЕАЭБдин алкагында биринчи жолу талкууланып жатат.

Уюштуруучулар террорго каршы күрөшүүдө, анын алдын алуу чараларын көрүү жакшы натыйжа берерин айтышат. Бул жаатта тарбияга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.  

Акыркы жети жылда Кыргызстанда 1 миң 600 экстремисттик кылмыш катталган. Жыл башынан бери диний экстремизмге байланыштуу 313 окуя болсо, анын 102сине кылмыш иши козголгон. Былтыркы жылда эле улуттук коопсуздук комитети өткөн жылы эле террордук актыны жасоону пландаган 17 учур четтетилген. 

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз