Коргонуу жана коопсуздук

Кыргыз армиясы Сирия согушуна катышпайт image Фото: www

23 Июнь, 2017 13114

Россиянын басылмалары кечээ Кыргызстан, Казакстандын аскерлерин Сирияга жиберилиши боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалыматты жазып чыкты. Анда Мамлекеттик Думанын коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов кыргыз-казак аскерлерин Сирияга мониторинг үчүн киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиргени айтылат. Бул маалымат кыргыз коомчулугунда кызуу талкууну жаратты. Кыргызстандын Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү эмес Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун тынчтык орнотуу контингентине жиберүү боюнча сунуш гана болгонун билдирди.  

Кыргызстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү маселеси президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапарынын алкагында талкууланган жоктугун бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кыргызстандык журналисттерге эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөрдү түшүндүрүп жатып айтты. Анын белгилешинче, аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерине байланыштуу, жалпысынан алар ар кандай деңгээлде эл аралык жана аймактык биримдиктердин алкагында талкууланат. Эгер бул маселе күн тартибине коюлса, анда Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек деген суроо дароо эле ар бир жарандын оюна келет. Өлкөнүн мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы, Улуттук коопсуздук Комитетинин отставкадагы генералы Марат Иманкулов бул маселе дыккат таразаланып чечүүнү талап кылаарын белгилейт.

Стратегиялык анализдөө жана болжолдоо институтунун эксперти Аман Салиев, Сирия жана ага жакын жайгашкан араб өлкөлөрүндөгү кырдаал Кыргызстандын коопсуздугуна да түздөн-түз таасир берерин белгилейт. Ошондуктан Кыргызстан абалга мониторинг жүргүзүү сыяктуу аракеттерге катышса, өлкө коопсуздугу үчүн пайдалуу дейт:

"Кыргыз аскерлеринин согуштук аракеттерге аралашып кетишине эч качан жол бербеши керек. Бирок, ал жакты кандай кырдаал болгонун,  анын мекенибиздин коопсуздугуна кандай таасир этерин билүү үчүн Сирия эле эмес, согуштук аракеттер жүрүп жаткан башка араб өлкөлөрүнө да биздин өкүл барып, кырдаалды байкоого алса жакшы болот".

Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Орусия, Иран, Түркия өз ара меморандумга кол коюшкан. Буга чейин орус президентинин атайын өкүлү Александр Лаврентьев да Сирияга Орусиядан башка мамлекеттердин жоокерлери кириши мүмкүндүгүн айтса, түркиялык Хүрриет басылмасы 22-июнда Түркия президентинин өкүлү Ибрагим Калындын Орусия аталган эки өлкөгө Сирияга аскер киргизүү өтүнүчүн жиберди деген билдирүүсүн жарыялаган. Расмий Анкара Түркия, Орусия жана Иран Сириядагы "деэскалация жөнүндөгү келишимдин" механизмдерин иштеп жатканын маалымдаган. 

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз