ММК

"Фабула": Ахматбек арендага ат минип акчасын төлөбөй койгонбу? image Фото: www

27 Июнь, 2017 4697

Басма сөзгө баяндама

Орозо айт майрамынан кийин биз баяндай жүрчү гезиттердин арасынан бүгүн "Фабула" гана жарык көрдү. Анда кандай макала баяндар бар  күбө болуңуз. Бүгүн "Фабула" Кумалак деп, Ажо болом деген Ахматбек арендага ат минип акчасын төлөбөй койгонбу деген теманы койду. Бул сандан Азимбек Бекназаров багбанчылык  менен динге ыктап дегенди, Памир кыргыздарынын 1-тобу Кыргызстанга күзүндө келет дегенди, башкы прокурор суралабы дегенди жана кыргыз аскерлери Сирияга барбайт дегенди окуй алаарыбызды алдыңкы бетинде жарыялады. Эми барактайлы. Шайлоо-2017 деген рубрика кирип, ага Шайлоого кимдер барат деген башкы макаланы койду.  Быйыл күздө өтүүчү президенттик шайлоо- өзгөртүү кирген жаңы шайлоо мыйзамына ылайык өтөөрү жана андагы айрым талаш пикирлерди жаратып өткөн беренелерге учкай  токтолгон. 

Мисал келтирет. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаты Исках Масалиевдин - “Конституцияда президенттикке талапкер күрөө калтырыш керек деген норма жок экенин, Кыргызстанда миллионерлер көп деле эмес деп, депутаттардын жылдык маянасы 900 миң сомдон ашпасын, андыктан бул мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргени туура эмес экендигин, барып-барып бул шайлоо байлардын эле иши болуп калат,-деген пикирин эске салып, анткен менен азыркы өзү да депутат болуп олтурган алтынчы чакырылыштагы депутаттарга бир карап туруп, андан кийин чындык үчүн күйүмүш болсо жарашмак экенин, анткени учурдагы парламенттин 80-90- пайызы капчыгы калың байлар отурганын тана албаса керек деп жооп кылат. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз