Коом

Бишкек: Орто-Сай базарынын айланасында мыйзамсыз жайгашкан объектилер алынды image Фото: мэрия

28 Июнь, 2017 999

Орто-Сай базарынын айланасында мыйзамсыз жайгашкан объектилер алып салынды. Бул тууралуу мэриянын расмий сайтына чыкты. 

Юнусалиев көчөсүн бойлой Сүйөркулов көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин керектүү документтери жок, мыйзамсыз орнотулган 12 павильон, эки темир тосмо, 46 көрнөк жарнак илинген такталар алынды. 

Мындай иш-аракеттер Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектилерине бөгөт коюу максатында атайын түзүлгөн штаб тарабынан аткарылууда.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз