ММК

"Азия Ньюс": Абдышүкүр менен Чубакка караганда, Максат ажыны эмне үчүн баалашат? image Фото: www

29 Июнь, 2017 1193

Басма сөзгө баяндама

Бүгүнкү "Азия Ньюс" Абдышүкүр менен Чубакка караганда, Максат ажыны эмне үчүн баалашат? деген суроо менен коюлган теманын алдында жарык көрдү. Бул сандан Аалы Карашев кандай демилге көтөрдү дегенди, Назарбаевдин салымы менен курулган Оштогу мектептин абалы кейиштүү деп жазгандарын, серепчилер менен саясатчылардын “мамлекеттин жоопкерчилигин ала турган саясатчынын ден соолугун текшерип көрүү зарылбы деген суроого берген жоопторун окуй алаарыбызды алдыңкы бетинде жарыялады.

Саясаттан жазылган чакан серебин “Турсунбеков президенттик креслону кыялданса, Ибраимов премьер болуунун амалына өттү” деп атады. Саясаттагы чайлашуудан да жазып, көз караштары ар башка үч үлкөн жолугушканда деп, 27-июнь күнү экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун демилгеси аркылуу КСДП фракциясынын лидери менен "Ак-Шумкар" партиясынын төрагасы үчөө “Супарадан” түштөндү дегенди да алгачкы бетинде кабарлады. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз