ММК

Фабула: "Кээ бир талапкерлерди Чым-Коргонго жибериш керек” image

30 Июнь, 2017 1248

Басма сөзгө баяндама

Кыңыр иш кырк жылга жетпейт деген "Фабула" Текебаев коркутуп, алдап кеткен деп, сот процессинде  көрсөтмө берген Леонид Маевскийдин сөзүн тема кылып жарык көрдү. Бул тема гезиттин экинчи бетинде негизги күбө болгон Маевский өзүнүн жакшы таанышы Алексей Модин аркылуу Кыргызстанга келип, аты аталган сасяатчылар менен таанышканын, акча тууралуу Бишкектин чыгышындагы ресторандардын биринде сүйлөшүлгөнүн, Текебаев, Чотонов менен телефондон сүйлөшүп турганын билдирди деген маалымат менен уланат.

Айтпаса сөз өлөт деген "Фабула" бүгүнкү күндө президенттикке талапкер болгондордун саны 10го жетет деп, алардын аттарын санап келип, талапкер болгондордун көпчүлүгү шайлана албасын билип турса деле эмне себептен талапкерлигин койду деген суроого жооп  издеген.

Эми, "Де-Факто" эмнелерди жазды. Барактайлы. Де-Факто Бакыт Төрөбаев ажолук аламанга аттанды деген теманы алгачкы бетине койду.

Андан ары барактасак, эч кандай негизи жок эле уруш жаңжал чыгаргысы келе берген, сөздү маанисиз сүйлөгөн адамдарды “ажыкыз” деп атап коет эмеспизби деген Де-Факто- Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга алынууда” деген сөздү окшошпосо деле кайра-кайра кайталап, кыйкыра берген бейөкмөтчүлөр көбөйдү, буга чейин ошондойлор борбор калаабызда жөө жүрүш да жасап, көчөлөрдөгү автоунаалардын жүрүшүнө тоскоолдоук жаратышкан деп “Сөз эркиндиги кысымга алынууда деген сөз бүгүнкү Кыргызстанга таптакары дал келбешин дүйнө коомчулугу көрүп турат” деген аталышта  жазылган макаланы окурмандардын таразасына койду.

Материалдын толук чыгарылышын аудиого кирип уксаңыздар болот:

Басма сөзгө баяндама жасаган Таалайкүл Сыдыкбекова, Биринчи радио


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз