Коом

Мамлекеттик органдарды электрондук башкаруу системасына өткөрүү керек image Фото: gov.kg

3 Июль, 2017 1263

Алды менен элге кызмат көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдарды электрондук башкаруу системасына  өткөрүү керек. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун айтымында  бул боюнча эл менен түздөн-түз иштешип жаткан мамлекеттик каттоо кызматы менен Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине нааразычылыктар арбын катталууда. Өлкөдө жалпысынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 370тен ашуун түрү болсо анын 189 тандалып алынып, электрондук форматка өткөрүү боюнча иштер уланып жатат. 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгында өткөн жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин иши каралып, алды менен электрондук өкмөткө өтүү тууралуу сөз жүрдү. Аталган мекеменин жетекчиси Бакыт Шаршембиевдин айтуусунда бул багытта укуктук база боюнча 4 мыйзам долбоору жогорку кеңештин элегинен өтүп, Президенттин кол коюусуна  жөнөтүлду. Андыктан бул багытта ченемдик укутук базаны чыңдоо иштери колго алынууда:

Бакыт Шаршембиев мамлекеттик кызматтарды тез арада электрондук форматка өткөрүү боюнча тендер жарыяланганын кошумчалады. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети уюшулуп иштеп баштаганына аз гана убакыт болгонун эске салган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, алды менен элге кызмат көрсөтүп, ошол эле маалда көп нааразычылыгын жаратып жаткан мамлекеттик органдарды электрондук башкаруу системасына өткөрүү зарылдыгына токтолду:

Мээрим Абдраманова, Биринчи радио 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз