ММК

"Азия Ньюс": "Бабановго кимдер кол чапты"? image Фото: www

6 Июль, 2017 1107

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн көп гезиттердин арасынан жалгыз жарык көргөн "Азия Ньюстун" макалалары менен кенен бөлүшүңүз.  Тамаша ордуна деген биринчи бети "Сары Өзөндүн сыймыктары" деп Туйгунаалы Абдраимов менен Иса Өмуркуловдун сүрөтү коюлган темадан баштады. Теманын уландысы гезиттин тогузунчу бетинде экс-губернатор Сагынбек Абдрахмановдон алынган “Мен үчүн Туйгун, Иса байкелерим жогорку баага татыган инсандар” деген аталыштагы маек менен  толукталат. Саясаттан кыска кепти улаган саясат кж бурчунан Бабановго бата берген курултай туурасында маалыматты окуйсуз. Анда жети дубандан келген эл Өмүрбек Бабановду президенттик шайлоодо колдоо боюнча резолюция кабыл алышканы, курултайга Өмуркулов, Кулов, Шыкмаматов, Исаев баштаган саясий партиялардын өкүлдөрү, Жумагулов, Шеримкулов, Осмоналиев, Байжиев, Сыдыков сындуу аксакалдар, бир топ генералдар, бейөкмөт уюмдар катышып жатканына күбө болушканын, Бабанов “Алдыга жол” аттуу программасы менен тааныштыргандан кийин узакка созулган кол чабуулар болуп, соңунда акын Анатай Өмурканов аксакалдардын атынан ыр менен жазылган ак батасын бергени маалымдалат.

Маданият айдыңындагы кыска жаңылык да алгачкы бетинде. Анда “Президент жана БОМЖ” тасмасы менен таанымал болгон Өмүрзак Төлөбековдун ”Президенттин жылдызы” деген тасма тартаары күтүлүп жатканы жазылат. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз