ММК

"Фабула": Базаркулов калпычыбы же Байболовбу? image Фото: www

7 Июль, 2017 1039

Басма сөзгө баяндама

"Базаркулов калпычыбы же Байболовбу"? - деп тема койгон "Фабуладан" баштайлы. Бул теманын уландыларын Текебаев ак болсо, калп детекторунан качпайт эле, Байболов менен Базаркуловдун кимиси калпычы деген аталышта окуй аласыз. Чакан маалыматтарды жазган макалалардын арасында Элтуйбасов болсом, эч ким туйбай калат деген аталыш бар. Анда Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде шектүү катары учурда Калыбек Саляновго издөө жарыяланганы туурасында жазылат. Иликтөө жүрүшүндө Калыбек Салянов 2014-жылдын мартынын ортосунда сауна жетекчиси А.Н аттуу менен бирге видеокамералардагы жазууларды өчүргөнү аныкталганы, муну алар кылмыш ишти калыс жана толук иликтөөгө жолтоо болгону айтылганы жана өлкөдөн чыгып кеткени жагдайлары баяндалат. Мойнуна сыйыртмак ыргытылчу күн жакындап калганын туйган Калыбек Салянов фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөртүп өлкөдөн чыгып кеткен. Сыягы Элтуйбасов болсом  эл билбей, туйбай калат деген го кургур,- дейт "Фабула" бул  макаласында. Атың чыкпаса шайлоого катыш деген "Фабула" БШКга катталгандардын санын санады. 

Темага улай белгилей кетели. Дымактуу талапкерлер деп гезит БШКга арыз берген, каражаты чектелүү инсандарга “шайлоо фондуна  төгө турчу  1 миллион сомду кайдан табасыз?” деген суроо менен кайрылган . Мисалы талапкер Рита Карасартова –күрөөгө коюлган 1 млн сомду мага жолдошум берди, калганын өзүм табам десе,  Турсунбек Акун, “Дордой” базары тарапта эки кабат үйүм бар, башкалар сыяктуу эки-үч үйүм жок. Ошол жашап жаткан үйүмдү күрөөгө коюп, 17 миң доллар насыя алдым, анын 14 миң долларын шайлоо фондуна төксөм, калган үч миң доллар менен эл кыдырып, үгүт иштерин жүргүзөм го деп жооп берген. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз