ММК

"Фабула": Төрөбаевдин "куйтулугу" өз башына муш болуп тийдиби? image Фото: www

11 Июль, 2017 5607

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" “Аюга” атаандашпа!... деп, Шаки аракты көбүрөөк чыгар деп Алмаз Батырбековду сүйлөтүп,  Абдыкеримов инвесторлорду банкрот кылдыбы деген теманын алдында  жаңы санын чагырды. Бул сандан "Кулов өзүнө мураскер даярдап жатат" дегенди, Курсан Асанов юридика илимдеринин кандидаты болгонун, оппозиция президенттикке талапкер тандай албай убара тартып жатканын, кыргыз спортчуларын буга чейин басынтышчу, мен ага чыдабадым,- деп кикбоксер Дастан Али Шаршеевдин айткандарын окуй аласыз.

"Шайлоо-2017" рубрикасы "Талапкер көп так бирөө" деген макаласын жазып, Бакыт Төрөбаев атага тең уулбу деген суроо менен бул инсандын талапкерлигиндеги дараметине сереп салды. Буга чейинки жүрүштөрүн эске салып, “Өнүгүү Прогресстин” ичинде ыйкы-тыйкы күчөп, бир муштумга бирикпей калган жагдайлардан кабарлады. Мисалы дейт, мында Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров, Зиядин Жамалдиновдон башкасы жүз бурушуп, анын баары Сооронбай Жээнбековго иштешүүдө, мындан улам, бир ууч фракциясына кадыры жок болуп,  башкара албай жаткан Төрөбаев кантип мамлекет башкарганга дарамети жетмек эле деген сөздөр коомчулукта айтыла баштады. Айрымдары бир кезде “Республика” партиясын менен депутат болуп келгенде Бабановдун “далысына бычак”, 4 депутат менен өзүнчө “Өнүгүү” деген топ түзүп, фракциянын ынтымагын кетирип бөлүп –жарды эле эми ошол “куйтулук” иши өз башына  муш болуп тийдиби? - деген суроо салып баштары маң деп жазылат. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз