Туризм

Көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин саны өстү image Фото: www

11 Июль, 2017 22400

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин саны өсүп, Европа жана Араб мамлекеттеринен эс алуучулар келе баштаган. Мындай жыйынтыкка Туризм департаменти сурамжылоонун негизинде келген. 

Деги эле чет элдик саякатчылар жана туризм тармагынын адистери Кыргызстан туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий жактан кыйла потенциалга ээ экендигин баса белгилеп, “Колдо бар алтынды пайдалануу” зарылдыгын айтып келет.  

Ал эми июль айынын башы менен көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы эс алуу сезону кызыды. Күн ысып, Бишкектен жана өлкөнүн башка аймактарынан көлгө агылгандардын саны арбын.  

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз