ММК

"Фабула": Турсунбеков ичкен кудугуна түкүргөн тобокелдикке бардыбы? image

19 Июль, 2017 1171

Басма сөзгө баяндама

"Оомат кетээрде деп, ичкен кудугуна түкүргөн тобокелдик" деген теманы "Фабула" койду. Бул тема бийликтин эки тизгин бир чылбырын кармап турган КСДПнын 15-июлда сьезд өткөрүп, премьер-министр Сооронбай Жээнбековду бир добуштан президенттикке талапкер катары колдошкон учурдан жазылды. Жээнбековдун бардык мамлекеттик тепкичтерди басып өткөн, артынан жеп ичти деген жаманатты сөз ээрчибеген таза жетекчи катары артыкчылык берилип жатканын белгилеген бул баш макалада президенттик так үчүн партиянын чечимине каршы чыккан ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кадамы туурасында кенен кеп кылат. 

Анын мындай кылыгы делегаттардын айрымдарынын куйкасын куруштурду, коомчулук болсо Чыныбай мырзанын мындай чечкиндүү кадамын ар өңүттө талкуулап жатышат, айрымдары өзү айткандай “байлыгын коргоп, кызматка жетиш үчүн” КСДПга кирип, партиянын арты менен экинин бири болуп ЖКнын төрагалыгына чейин жетип, элге төбөсү көрүнгөн кезде “ичкен кудугуна түкүрдү”, эми мындан ары “ити чөп жеген доору бүтөт” дешүүдө, айрымдары ордун сактап калыш үчүн же премьер-министр кызматын алыш үчүн ушундай оюн кылууга аргасыз болгонун айтышууда, дагы башкалар Чыныбай мырзанын артында дем берген эл аралык деңгээлде чоң күч турбаса мынчалык батылдыкка бара албайт болчу деген көз карашты карманышууда,- деп жазылат. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз