ММК

"Азия Ньюс": Бакиевдерге таандык 47 объект улутташтырылды image Фото: kloop.kg

20 Июль, 2017 1582

Басма сөзгө баяндама

"Темирдин рейтинги өсүп, эл колдой баштады" дегенди алдыңкы бетине чыгарып "Азия Ньюс" бүгүн жарык көрдү. Бул чыгарылыш президенттикке ат салышкан талапкерлерден баштады. Мисалы, Азимбек Бекназаровдун “Президенттикке аттангандардын жети атасы, энеси, кайын журту, тага журту боюнча айтсам, мага ошолор теригет го” дегенин жана Атамбаевге айткан шартым аткарылса , мен ага ооп кетем дегенин жазды. Ушул эле алдыңкы бетке Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишине моюн бербей, президенттик шайлоого аттанууда  деген чакан маалымат орун алган. Андан ары Адал эмгектин акыбети деген "Азия Ньюс" "Жалган атак-даңк үчүн эмес, эл үчүн арналган эмгектин тажрыйбасы" деген тема менен КСДПнын талапкери, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун баскан жолунан учкай маалымат берди. 

Сооронбай Шариповичти жакындан билгендер кызарган жерди көрсө, үзүп алчудай алдым-жуттумдугу менен эсте калган мурдагы айрым “бизнесмен-премьерлерден” айырмаланып, өзгөчө токпейилдигин, колу тазалыгын жана жөнөкөйлүгүн баса белгилешет деп баштаган бул макаладан буга чейинки өкмөт башчылары кызматка киришээри менен эле “алтын чыры”, “аргымак чыры”, “бензин контрабандасынын чыры”,”муңай заводунун чыры”, “жол тендеринин чыры” сыяктуу чуулгандуу коррупциялык иштери калкып чыгып, аягы барып, алардын кызматын аргасыз тапшырып кетүүсү менен аяктачу, мындан сырткары буга чейинки премьер-министрлер бийликке келээри менен өкмөттүн аппаратынан тарта дээрлик  бардык мамлекеттик бийлик органдардын өз ыңгайына жараша тазалап, өздөрүнө жакын кадрларга толтуруп келген болсо Сооронбай Жээнбеков көп жылдардан бери тажрыйба топтоп, адис катары калыптанган кесипкөй кадрларга аяр мамиле жасап, алардын туруктуу иш алып баруусун камсыздады  дегенди окуй аласыз. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз