ММК

"Фабула": Келдибеков менен Ташиев "учкашып" шайлоого барышат image Фото: www

21 Июль, 2017 1326

Басма сөзгө баяндама

"Экөөнө бир ыштан же учкашып-ширкешип шайлоого барышат" деп Келдибеков менен Ташиевдин сүрөтүн коюп "Фабула" бүгүн жаңы санын тартуулады. Саясаттагы же мамлекеттеги белгилүүлөр туурасында кыска маалыматтарды жазган алдыңкы бетинен “Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын боептур же Чубак ажы Жалилов жөнүндө калыстык үчүн шайлоого баратыптыр же Туйгунаалы Абдраимов, кайсы арына эл багат же Адахан Мадумаров, Бекназаровдун айтканы чагым жыттанабы? Шакмар же Равшан Жээнбеков тууралуу, Ташиевге орун бошотсо, Келдибековдун ичи өтөбү"? деген аталышта жазылгандарды окуй аласыз. 

Шайлоо 2017-рубрикасы же "Талапкер көп, так бирөө" аталышта президенттикке ат салышкандарды үч топко бөлүп тиешелүү электораты бар дегендерге Жээнбеков, Бабанов, Төрөбаевдерди атап, негизги атаандаштык да ушул үч адамдын тегерегинде болот деп, экинчи топко буга чейин бийликтин бийик сересинде олтуруп, жеп ичип, калк казынасы болгон  бюджетке (айрымдары деп баса белгилегени бар) суук колун салып, кадыры кетип, иштен кеткен талапкерлердин тобуна Сариев, Текебаев, Келдибеков Ташиев деп,  кийинки топко адам укугун коргойбуз деген макамы бар, бир канча жолу акыйкатчы кызматын аркалаган адамдар жана чет элдин акчасына азгырылып алардын дегени менен иш кылган бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүн камтыган Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Карасартова, Үмөталиева коштогон топ анан коомчулук анчалык таанып биле бербеген ушул убакка чейин аты чыга элек Энназаров, Шаршекеева, Масадыков дагы ж.б. кирген талапкерлерди топ- топко бөлүп жазган макаланы тааныштырды жана бул жерге  серепчилердин божомолдору келтирилип, жашы боюнча эң эле улуусу жана президенттикке ылайыктуусу албетте Сооронбай Жээнбеков деп калк алдында кадыры бар, башкаларчылап куйругунда калбыры жок, чарбачыл таза инсан, эмгек жолу катардагы жөнөкөй жумушчудан жетекчиликке чейинки жолду баскан деп айткандарын жазды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз