ММК

"Фабула": Сариевдин жоругу күлкү келтирет image Фото: www

28 Июль, 2017 2906

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" интриган деп “Кыргызстан” партиясында төңкөрүш болуп Исаев президенттикке аттанды - деген теманы алдыңкы бетине койду. Майдадан жазылган маанилүү кептерге Мамытовдун какшыгын түшүнүшкөн жок деген чакан макаланы кошту. Учурда ажолук так үчүн ат салышмакчымын деп ээликкендердин саны кыркка жетти. Айрымдарын гана эл тааныбаса, көбүн эч ким билбейт. Пенсия карысынан тартып, президенттикке коюуга жашы жетпегендерге чейин БШКга арыз тапшырып жатышат. Кызыгы, өзү жумушсз жүрүп, элдин иш менен камсыз кылмакчымын дегендер, мамлекетти тоноп, жеп ичип коррупционер атыгып соттолгондор, айтор баарысы тең кыйратам, гүлдөтөм деп жатышат. Мындай өзү жерде экенине карабай, көөдөнү көктө жүргөн, дарамет-дэңгээлдери тайкылар Токон Мамытовдон үлгү алышса жакшы болмок дейт бул макалада. 

Мыкты мамлекеттик ишмер экенине карабай “мен президенттикке татыктуу эмесмин” деп, дүрбөп жаткандарды “кебез менен мууздап” жатат. Токон мырзанын, “какшыгын” ээликкендердин көбү түшүнүшкөн деле жок. Дээрлеринде жок болсо айла жок тура деген саптарды ушул аталышка жазат бүгүн "Фабула". Ушундай эле майда саптар Сариевдин жоругу күлкү келтирет, Азимбектин арманы менен дарманы, Равшан мырза көч баштайбы? “Микроб” Айтмаматтын акылы ордундабы деген аталышта жарык көрдү. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз