Аналитика

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн image Фото: www

28 Июль, 2017 27371

Жогорку Кеңеш 21-августта кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн. 

Анда депутаттар жаңы өкмөт башчысын шайлап, министрлер кабинетин бекитишет. Мындан сырткары спикердин маселеси да каралмакчы. 

Парламент регламентине ылайык, кезексиз сессияны көпчүлүк коалициянын башчысы чакырат. 

Бирок Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы азырынча кезексиз жыйын тууралуу парламент төрагасына сунуш түшө электигин билдирди.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз