ММК

Басма сөз: Кыргызстанда жылына 2 миллиондон ашык кой-эчки союлат image Фото: www

1 Авг, 2017 1376

Басма сөзгө баяндама

Өткөн жылдагыга салыштырмалуу 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында инвестиция тартуу 35 пайызга көбөйдү. Өнөр жай тармагына келген инвестиция 55 пайызга жогорулады. Бул жакшы көрүнүш. Бирок тоо-кен тармагына келген инвесторлорго жергиликтүү жетекчилер көз жумду мамиле кылып жатышат, - деп өкмөттө сүйлөгөн премьер-министрдин сөзүн тема кылган "Кыргыз Туусунан" баштайлы. Алты ай ичиндеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары тууралуу өкмөттүн жыйынындагы кенен мааалыматты “Региондорду өнүктүрүүнү кечиктирбешибиз керек” деген аталышта гезиттин экинчи бетинен улап окуйсуз. Андан ары статистикалык маалымат боюнча Кыргызстанда жыл сайын болжол менен 150 миң уй менен жылкы жана 2 миллиондон ашык кой-эчки союлат. 

Айыл чарба жаныбарларынын ичинен дал ушул категориялары экологияга эң көп зыян алып келээрин да биле бербейбиз. Чочко же тоокко караганда уй же койдун бир килограмм этин өндүрүүдө он эсе көп көмүр кычкыл газы жана метан абага бөлүнүп деген дүйнөлүк чакырык "Жашоонун булагы- жашыл дүйнө" деп аталды. Дүйнөлүк окумуштуулар планетабыздагы аба ырайынын жылууланып баратышы адамзат үчүн абдан чоң коркунуч туудуруп жатат деген жалпы тыянакка келишүүдө. Соңку үч жылда жерибиз акыркы 150 жылдан бери катталып жаткан бардык температуралык рекорддорду ашып өттү. Планетабыздын ысып жатканы бүгүн айныгыс факт болуп калды деген глобалдык жылуулуктан кеп кылып өлкөбүздөгү токой чарбага, сейил бактарга, жайыттарга, жергебиздеги жашыл өсүмдүктөргө болгон мамилебизди өзгөртүүгө убакты келди деген бул чакырыкты дал ушул аталыштан таанышып алыңыз. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз