Экология

Аванесов: ПРООН уюму ак илбирсти коргоп калууга аракет кылууда image Фото: www

14 Авг, 2017 1648

24-25-август күндөрү Бишкекте өтө турган "Ак илбирс" форумуна “Биринчи радио” сунуштаган күндөлүктүн алкагында, 2015-жылдын март айында Бишкекте дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген айлана чөйрөнү коргоо боюнча жогорку бийликтин өкүлдөрүнүн, ак илбирсти коргоо боюнча координациялык кеңешинин жолугушуусунда, ПРООНдун Кыргызстандагы ыйгарым өкүлү Александр Аванесовдун айткна сөзүн аудио аркылуу уксаңыз болот.

Эскерте кетсек, март айында өткөн  эки күндүк иш чарада, 2013-жылдын октябрь айында  Бишкекте  өткөн  ак илбирсти коргоо боюнча  форумунда кабыл алынган Бишкек декларациясынын алкагында  аткарылган жумуштар жана глоабладык катчылыктын Кыргызстанда  жайгаштырылышы, жапайы жаныбарды  сактоого багытталган каржы маселеси  тууралуу  сүйлөшүүлөр жүргөн. Мындан  кийинки  радио күндөлүктө ак илбирсти сактоо боюнча  аткарылган  жумуштар туурасында маалыматтарды беребиз.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи ралио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз