ММК

Индия Республикасы эгемендүүлүк алганына 70 жыл толду image Фото: www

16 Авг, 2017 1548

Индия Республикасы эгемендүүлүгүнүн 70 жылдык мааракесин  белгиледи. Бирок 1947-жылы Индия  өнөктөштөгүнүн  48 пайыз аймагын көзөмөлдөгөн жана калкынын 27 пайызын башкарган ак сөөк үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү  ата-мекени бирдиктүү мамлекет болушун каалаган эмес. Махатма Ганди менен Жавахарлал Нерунун үзөнгүлөшү Валлабхаи Патель кыска убакыттын ичинде  бытыранды болгон Индияны бир мамлекетке бириктирди. Ошон үчүн 1950-жылы анын индус элинин алдында зор эмгегине  таазим кылып өлкөнүн биринчи премьер-министри Жавахарла́л Неру Сардар Пателди "Жаңы Индияны курган уста “деп жогорку баасын берген. 

Тилекке каршы коомчулугубуздун басымдуу бөлүгү жогоруда айтылган даңазалуу мамлекеттик ишмер жөнүндө кабары жок. Валлабхаи Патель бүт өмүрүн индус калкына кызмат кылууга арнады. Ошондуктан ал элдин сүймөнчүгү болчу. Азыркы күндө да Пательди индус эли Сардар деп урматтоо менен айтат. Сардар перс тилинен которгондо башкы аскер башчы дегенди билдирет. 1875 жылы 31-октябрда Валлабхаи Британиялык Индиянын  Надиад шаарында төрөлгөн. Кененирээк аудиодон укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз