ММК

"Азия Ньюс": Көлбаевдин саясатына каршы болгондор “Сакалдын” тобуна өтүүдө image Фото: www

17 Авг, 2017 1125

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Азия Ньюс" "Сок билек" деп, эркин журналист Семетей Талас уулунун  “Көлбаевдин саясатына каршы болгон абактагылар “Сакалдын” тобуна өтүп жатышканы айтылууда” деген сөзүн тема кылып жаңы санын тартуулады.  Мындай ат менен чыккан маекти  гезиттин 8-9- бетинен улап окуй аласыз. Алдыңкы бетинен башталган "Саясат кж" бурчу "Төрөбаевдин Кремлге учканы кабарланууда" деген маалыматты жазды. Туура бир ай мурун Путиндин кеңешчиси Асламбек Аслаханов Кыргызстанга келип, дал ушул Бакыт Төрөбаев менен сүйлөшүү жүргүзүп кеткенин эске алсак, бул сапар жөн жерден уюштурулбаганын баамдайбызбы дейт мында. Андан ары ушул бурчтан Раим Матраимовдун жигиттик сапаты жогору,  Бабанов неге Темир Сариевдин астында тыбырчылады? 

Канат мырза, байкеңе караан болсоң болбойт беле?, “Жандооч кийик аттырат”, Ринат Макенов мекенчил кадр, үч айда 10 млн доллар тапкан Рустам Маманов деген аталыштагы майда маалыматтарды окууга болот. Кетпеңиз Соке же Кыргызстанды таз жоруларга таштабаңыз! деген аталышта премьер- министр Сооронбай Жээнбековго багышталып жазылган Кыргыз Эл артисти Марат Алышбаевдин макаласы да гезиттин алдыңкы беттеринен орун алган. Бул кайрылууну автор премьер- министр Сооронбай Жээнбековго багыштап жазган. Анда Жээнбеков  президенттикке талапкер болуп катталаары менен өкмөт башчылык кызматын өз каалоосу менен кетээрлиги тууралуу маалымат узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына дуу тарады. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз