ММК

"Фабула": Бекназаров калпычы экенин өзү тастыктады image Фото: www

18 Авг, 2017 2038

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" Текебаев менен Чотонов 8 жылга кесилди деген темада жарык көрдү. Майда маалыматтардан куралган алгачкы бетинен Кезек Исаевдеби? Бабанов президенттикке талапкер болуп катталды, кыргыз-өзбек чек арасынын 84 пайызы чечилди, Бекназаров калпычы экенин өзү тастыктады, таза шайлоону талап кылган тазбайматтар, Турсунбек шүк отурбайбы, деген аталыштарды окуй аласыз. Шайлоо 2017-рубрикасы Текебаевден 60 миң долларын ала албаган Малиев жана колдоочуларына ишенген Темирбек Асанбеков деген ат менен жарык көрдү. Президенттикке талапкерлер болгондордун аламан алдындагы маселелери барбы, кызыгып көрүшкөн. Мисалы, Талапкер Арсланбек Малиев: Менде эч маселе жок. Учурда жарандардан кол топтом жатам. Бир гана нерсе, акчалуулар добушту сатып алуу жолу менен шайлоодо жеңип чыгабы деген ой болуп жатат. Билесиңер да, Өмүрбек Текебаев мага 60 миң доллар бересе болчу. 

Ошол акчаны “Ата Мекендин” лидери мага берген жок. Ал боюнча Текебаевди сотко берем деп билдирген. Башка талапкерлерди эмне тынчсыздандырып атканын ушул жерден билип алыңыз. Бириккен төрт талапкерге ыр түрүндө азил кебин Үсөналы Исраилов жазган. Мисалы Мадумаровго: чечендик өнөр жагынан, чыгарбай колдон намысты, аргымак аттай келесиз, алыска шилтеп арышты, мөөрөйдү эчак алмаксыз, кезинде, жандабаганда Жанышты, деп, Келдибековго: майлуу кызмат аркалап, мансап күттүңүз чалкалап, ашыкча мүлк жыйнайм деп, абройду алдыңыз талкалап, дагы ишеним көрсөт деп, эми, элге кимдер айта алат деп багышттаган. Дагы эки талапкерге да жазылган ырлар бар, куплеттеп жазылган мындагыларды  улап окуп коюңуз. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз