ММК

Басма сөз: Түркияда сойкулук менен алектенген кыргызстандыктардын саны өсүүдө image Фото: www

22 Авг, 2017 1261

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Кыргыз Туусу" өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин “Сиз жетектеген кабинет мен, президент болгон мезгилдеги эң жакшы Өкмөт болду” деп, Сооронбай Жээнбековдун кызматынан отставкага кетүү жөнүндө өтүнүчүн  кабыл алып жатып билдирген сөзүн  жаңы  сандын башкы темасы кылды. Президенттин иш күндөлүгүндөгү башка темалар: "Прокуратура органдары шайлоого даярдык көрүүдө" деген аталышта орун алды. Ошондой эле бул сандан өкмөттөгү кечээ күнкү жыйындан толук маалымат аласыз. Премьер-министр кызматын тапшырып берүү чечимин расмий жарыялап, өкмөттүн жигердүү аракети менен болгон ийгиликтердин айрымдарын санаган бул жыйындан маалыматты “Өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн тыным албай иштедик” деген аталышта  кабардар болосуз. 

Майда бирок маанилүү деген кыска жаңылыктарды топтогон “КТ”-пресс бурчу Борбордук шайлоо комиссиясы 2,5 миң лупа сатып алат, финляндиялыктар “Кентаврды” 14-24- сентябрда көрө алышат, Жибек Жолундагы өлкөлөрдүн өндүргөн товарларынын көргөзмөсү өтөт, Түркияда сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыздардын саны өсүүдө, бала кезинде балык багам деген кыялын ишке ашырган ат-башылык Мирланбек Сооронбаев жөнүндө, 31-августтан 4-сентябрга чейин эс алуу күнү деп белгиленди, Кыргызстандын эл аралык валюталык резерви 2 млрд.61,7 млн долларды түздү, Бишкекте “Мото айым-2017” сынагы өтөт дегендерди  маалымдады. Андан ары бул чыгарылшта эки жылдан бери тажик кыргыз же кыргыз өзбек чек араларында жаңжалдашуулар дээрлик токтоду. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жеке көзөмөлү менен негизинен жаңжалдардын чыгуусуна себеп болуп келген жол, электр энергиясына байланышкан маселелер чечилди деген "Кыргыз Туусунун" Атамбаевдин алты жылында же Баткен облусундагы бүгүнкү өсүштөрүн белгилеген макаласы бар. Бул көлөмдүү макаланы Баткен бүгүн башкача деген аталышта окуй аласыз. Кененирээк аудиодон укса болот. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз