ММК

Эрдоган Меркелге каршы үгүт иштерин жүргүзүүдө image Фото: www

23 Авг, 2017 1261

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Германияда 24-сентябрда өтчү  парламенттик шайлоодо теги түрк немис жарандарын Ангела Меркелдин партиясына добуш бербегиле деп чакырык таштады. АКШнын президенти Дональд Трамп Афганистанга дагы 4 миң  жоокерин  жиберүү жөнүндө чечимин жарыялады.

Украиналык “Вести  Украина” басылмасынын кабарчысы Александра Харченко”Түрктөрдүн  гамбити- эл аралык саясатта шахмат жүрүшү. Эмне үчүн Эрдоган Меркелдин шайлоонун алдында кадыр баркын түшүрүүдө? - аттуу  макаласын жазып чыкты. Кесиптештин айтымында түрк  гамбити- түрктөрдүн кичине фигураны салып берип,чоң жүрүштү эңсеген тышкы  саясаттагы  шахмат оюну. Анткени  Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Германияда  жашаган бир миллиондон  ашык кандаштарын, 24-сентябрда өтчү  шайлоодо немис канцлери Ангела Меркелге добуш бербегиле –деп чакырык таштады. Мындан сырткары ал  ачык эле  Меркелди “душман" деп атады. Андан кийин  түрк өкмөтүнүн суранычы боюнча Эл аралык кылмышты  иликтөө полиция уюму "Интерпол"  Испанияда  теги  түрк   Германиянын жаранын жазуучу Доган Акханлыны кармаган.

Испанияда жогоруда айтылган жазуучуну кармалганы Германияда наразылык жаратты. Меркелдин мындай кадамын Анкара кескин сынга алды-деп автор белгилейт. Харченко, эмне үчүн мурда өнөктөш  эки өлкөнүн ортосунда  мамиле  бузулду? - деген  суроого жооп издеп түрк кесиптешибиз  Огуз Бакир  менен маек курган. Анын көз карашында  Түркияны Евробиримдиктин мүчөлүгүнө кабыл албагандыктан,көпчүлүк түрктөр Европага нааразы болууда. Ошол эле убакта Түркия менен  Германия  экономика тармагында тыгыз кызматташат. Эки мамлекеттин ортосунда сооданын  көлөмү  он миллиардан ашык  долларга жетет. Ошон  үчүн  эки тарапка тең мамилени бузуу экономикага терс таасирин тийгизет - деп түрк журналист  маегинин соңунда баса белгилейт. Кененирээк аудиодон укса болот.

Бакыт Тапаев, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз