ММК

Күч түзүмдөрү коомчулукту сак болууга чакырууда image Фото: www

28 Авг, 2017 1089

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коомчулукту сак болууга жана атайын кызмат, укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө чакырат. Бүгүнкү күндө ааламда террордук актылар  күчөгөн кезде, терроризмге каршы күрөшүүдө атайын кызматтын коомчулуктун  жардамына таянууда ийкемдүү тажрыйбалары кездешет. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөдө террордук жана диверсиялык актыларды уюштуруу аракети  күчөгөнүн баса белгилейт. Ошондуктан күч түзүмдөрү коомчулукту сак болууга чакырууда. Ошол эле убакта атайын кызмат менен укук коргоо органдары   коомчулукту жардам берүүгө чакырат.

Бакыт Тапаев, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз