ММК

"Кыргыз Туусу": ырчы Нурланбеков Румынияда өткөн сынакта баш байге алды image Фото: www

29 Авг, 2017 1438

Басма сөзгө баяндама

Жаш келсе же "Жаңы доорго жаштар менен" деген "Кыргыз Туусунан" баштайлы. Алгачкы бетине мындан башка эл аралык форумда сүйлөгөн өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин “Балдарыбыз ак илбирсти музейлерден гана көрүп калышына биз жол бербешибиз керек” деген  сөзүн койду. Бул теманы гезиттин кийинки бетинен “Ак илбирс ыйык жаныбар, экосистемабыздын символу” деген аталышта улап окуйсуз. Президенттин иш күндөлүгүндөгү башка маалыматтар: Ош облусуна болгон иш сапардан, Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыр тарткандар менен жолуккан,  эл менен жайбаракат баарлашкан учурдан  даярдалган темалар менен уланды. 

Өкмөттөн жазылган макала “Жаштардын жаңы Өкмөтү “Жаңы доорго кырк кадам” менен аттанды” деп аталды жана ага жаштардын бийликке келишин коом самап, күтүп келген, мен бул жаштарга ишенем деп билдирген коомчулуктун пикирлери менен толукталды. “КТ”-пресс бурчу ырчы Нурланбеков Румынияда баш байге алды, 20 киши президенттикке талапкер катары катталган жок, Милиция кызматкерлерин граната, тапанча менен коркуткандардын бири кармалды, көчө футболу боюнча дүйнө биринчилигине кыздар жөнөп кетти, Ысык-Атада өчкөн өрттү шамал кайра тутандырды, АКШнын Чыгыш жээгине жеткен “Харви” аттуу катуу шамалдан улам, ал жактагы кыргыздар сак болгула  дегендерди маалымдады. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз