ММК

"Азия Ньюс": Чүйдүн жаштары Темикеге неге бурулду? image Фото: www

7 Сент, 2017 1639

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көрчү "Азия Ньюс" "Сары Өзөн Чүйдүн жаштары Темикеге неге бурулду"?- деген теманы алгачкы барагына койду. Ушул эле жерден "Ташиев эки жүздүүлүккө ык койдубу"?- деген дагы бир суроо менен атаган макаланы көрүүгө болот. "Тоңгон муз" деген гезит "Шавкат Мирзиёев кыргыз бийлигинин кадырын көтөрүп кетти" деген аталыштагы макаланы жазды. Темага үндөш маек экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идиновдон  “Ынтымак болсо, Өзбекстан менен бирге өнүгөбүз” деген аталышта алынган. Академик Абдыганы Эркебаев саясий учурдан кеп кылып, президенттикке аттангандар жөнүндө чакан маек берди. Менин баамымда дейт,  Эркебаев “Кыргызстандын болочок президенти иштерман, бизнесмен, же жөн гана саясатчы эмес, ал баарынан мурун мамлекетчил, стратег болушу керек. 

Терең ойлонгон, Кыргызстандын бүгүнкү  акыбалын өйдө- төмөнүнө чейин талдап, буга чейинкилердин сабагын алып, туура багытты тандап, ишти алып кетиши керек.  Элди акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи деп бөлбөгөн, тескерисинче, бириктирген, бир да партияга тартпаган жалпы элди ойлогон, өлкөбүздү дүйнөгө татыктуу тааныта турган, оозунда сөзү, башында тунук акылы, терең билими бар адам болуусу зарыл”. “Кимиси шайланса да ушундай сапаттары болсо экен” деп тилейм деген ойлору менен бөлүшкөн. Кенениррээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз