Интернет жана технологиялар

КТРК: жарнаманы эми мобилдик тиркеме аркылуу жайгаштырса болот image Фото: www

13 Сент, 2017 3623

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эфирлерине жарнаманы эми мобилдик тиркеме аркылуу эле жайгаштырса болот. Коомдук телерадио берүү корпорациясы “Намба” компаниясы менен биргеликте “Namba One” жаңы мобилдик порталын жана КТРКда жарнама жайгаштыруу кызматын киргизди. Бул ар түрдүү кызматтарды өзүнө камтыган мобилдик тиркемени тааныштыруу иш-чарасы 12-сентябрда Борбор Азиядагы Америка университетинде өттү.

 Иш-чарага өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, КТРКнын жамааты, IT технология боюнча адистер жана студенттер катышты. Саамалык “Ала Тоо-24” каналы жана ktrk.kg сайты аркылуу түз эфирде чагылдырылды. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз