ММК

Басма сөз: "Биригүүнүн сыры эмнеде"? image Фото: www

21 Сент, 2017 1607

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн кыргыз гезиттери шайлоо темасына басым жасап жарнамалык материлдарга орунду арбын берди. Маселен, "Ачык Сөз" гезити "Сооронбай Жээнбеков ак жолтой президент болот" деген аталышты алдыңкы бетине койду. Бул тема мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин: Тополоңду акыл менен басканын көрүп таң бергем деп берген 2010-жылдагы Оштогу кан төгүлгөн окуяда Сооронбай Жээнбеков менен чогуу жүргөн учурларды эске салган маеги жана коомдук ишмер Жамин Акималиевдин "Түз жүргөндөн түңүлбө" деп аталган маеги менен толукталып жарык көрдү. 

"Бийлик бирөөнү тындырат, дагы бирин сындырат" деген "Ачык Сөздөн" "Биригүүнүн сыры эмнеде" деген макаланы окуй аласыз. Анда Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабановдун биригиши туурасында айтылат.  Майрам алдындагы маек же 23-сентябрь кыргыз тили күнүнө карата Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун мамлекеттик тил боюнча проректору Акылбек Шаршенбаевдин маеги бар. Дагы бир маанилүү маек Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасынын башкы директору Мырза Жаманбаевден “Кыш мезгилинде көмүрдүн кымбаттап кетишине ортомчулар күнөөлүү деген аталышта алынган. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз