ММК

Казакстандын кичи шаарларында жашоонун абалы бизден төмөн image Фото: www

26 Сент, 2017 1748

Басма сөзгө баяндама

“Ат кошчу” деген атты бүгүн депутат Алмамбетов Шыкмаматовго ыйгарып, бүгүн "Фабула" “Өмүрбек Бабановдун программасы утопия, ишке ашпаган нерсе”- деп какшыктап сындап келген Шыкмаматов эми Жумгалда Өмүрбек Бабанов үчүн эл чогултуп, желек көтөрүп, ат кошчусу болуп чуркап жүрөт деп кабарлады. Уят да. Намыс деген болуш керек деген бул гезит, деги саясатчы дегендин баары капталын жеген, эки жүздүү, эч качан бир позицияны карманбаган шылуундар болот окшойт деп, антпесе сасык саясаттын оюндарына чыдабай критке кетип, бары-жогу билинбей көздөн далдоо калышат көрүнөт дегенди алдыңкы бетине жазды. Ушул эле бетте Ташиев аламан жарыштан чыгат, Чубак ажынын үгүтү үчүн Ташиевге эскертүү берилди, Жамалдинов ичтен чыккан ийри жыланбы, Сыныктын баары жугуштуу же Төрөбаев  дегендерди окуй аласыз. 

“Жыртык тешикке күлөт” деген чын тура”- деген макала казак президенти Нурсултан Назарбаевдин”Алматынын экономикасы Кыргызстан жана Тажикстандын ИДПсынан 5 эсеге көп” деп салыштырып айтканында саясий боек бар деп, серепчи Искендер Шаршеевдин жообу менен жазылды. “Эгерде цифраларга карасак, чындыгында Алматынын ИДПсы Кыргызстандын ИДПсынан ашып түшөт бирок региондордо жана кичи шаарларда жашоонун абалы бизден төмөн, жакында эле Чуда деген жеринде болуп, ал жактагы жашоо өтө жакыр экенин, камсыздоо аз, адамдар ачка, бардыгы жашап кетүүгө аракет кылып жатышканын көрүп келгенин белгилеген. Балким чоң шаарларында эл жакшы жашаар, бирок мамлекеттин түштүгүндө жашоо оор экенин Казакстанда экономика бир кылка бөлүштүрүлбөгөнүн теңчилик, экономиканы тең бөлүштүрүү азырынча жок экенин ушул макалада билдирген.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз